БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кытайдан келген картошканы Кочкордуку деп саткан ишкерлерге карата рейд жүрөт. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүнкү кеңешмеде тапшырма берди.
Буга чейин социалдык тармакта Кытайдан келген картошканы "Кочкордун картошкасына" айлантып жаткан видео тараган.
Кыргызстан былтыр 28,6 миң тонна картошка импорттосо, анын 22 миңин Кытайдан сатып алган. Республика 2024-жылы 512 тонна картошка импорттогон, анда Кытайдан 10 тоннадан азыраак алынган болчу.