“Кыргызнефтегаздын” кирешеси боюнча кылмыш иши ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. ИИМ “Кыргызнефтегаздын” кирешесин ири көлөмдө кымыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Эске салсак, кечээ “Кыргызнефтегаздын” 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген.
Салык кызматына караштуу мамлекеттик мекеме видео даярдап, каражатты чыгарган схемаларды ачыктап берген.
Бакыт Төрөбаев соцтармакка тараган аудио боюнча үн катты