ЕАЭБде жүк ташуу кандай болуп жакшырары айтылды

Кеп биримдик өлкөлөрүнө жүк ташуунун глобалдуу чынжырчасына кошулууга жол ачкан транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүү тууралуу болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Быйыл ЕАЭБде дүйнөлүк логистикалык системага кошулган транспорттук каркас түзүүгө басым жасалат. Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Ибраевдин айтымында, мында кеп биримдик өлкөлөрүнө жүк ташуунун глобалдуу чынжырчасына кошулууга жол ачкан транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүү тууралуу болууда. Мындан тышкары, ЕАЭБ ичинде транспорттук кызматтарды кеңейтип, компанияларга башка өлкөнүн ичинде да жүк ташууга мүмкүнчүлүк берүүгө басым жасалмакчы.
"Транспорт биримдиктин бир өлкөсүнөн экинчисине эле товар жеткирип кайта бербестен, ЕАЭБ ичинде да жүк ташый алат", — деди Ибраев.
Ал мындай жагдай логистиканын наркын төмөндөтүп, товарды тезирээк жеткирип, биримдик ичинде жүктүн ташылышы үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн кошумчалады.
Маалымат борбор
Кыргызстан кантип аймактык хабга айланат. Министрликтин планы