БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун Нооруз майрамын бирге белгилөөгө чакырат.
21-мартта "Ала-Тоо" аянтында күн менен түндүн теңелишине арналган чоң майрамдык иш-чара өтөт. Программа саат 11:00дөн 22:00гө чейин уланат.
Программа:
11:00 — майрам расмий түрдө ачылып, куттуктоо сөздөрү айтылат;
күн бою "Ордо" этношаарчаларында ар кайсы этностордун өкүлдөрү улуттук каада-салтын, турмуш-тиричилигин жана меймандостугун көрсөтөт;
улуттук оюндар жана спорттук мелдештер. Коноктор кыргыздын салттуу оюндарында күч сынашып, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
кол өнөрчүлүк көргөзмөсү. Уста-чеберлердин колунан чыккан улуттук зер буюмдар, кийиз буюмдар, килемдер, сувенирлер сунушталат;
чоң концерттик программа. Кыргыз эстрада жылдыздары, чыгармачыл топтор жана артисттер сахнага чыгып, улуттук жана заманбап чыгармаларды тартуулашат.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамын жакшы маанайда тосуп алууга жана майрамдык иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.