Байсалов: Кыргызстан исламофобияга, дегеле бардык диний жек көрүүгө каршы

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстан — светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет. Бизде ислам маданий мурасы плюрализм жана дин тутуу эркиндиги боюнча принциптер менен айкалышып өнүгүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал исламофобияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чарасында сүйлөгөн.
"Эгемендүүлүккө жеткенден бери өлкөдө диний жашоо жанданып, мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты бекемдөөгө багытталышына өзгөчө көңүл буруп келет", — деди Байсалов.
Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өкмөт дин аралык диалогду, толеранттуулукту жана маданий-диний ар түрдүүлүктү урматтоону илгерилетип жатканын кошумчалады.
"Биз исламофобияга, дегеле бардык диний жек көрүүгө каршы күрөшөбүз. Мусулмандарга карата басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Ошол эле учурда христиандарга, иудейлерге жана башка дин өкүлдөрүнө карата басмырлоо кабыл алынгыс", — деди ал.
Байсалов ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров аймактагы чыңалуунун күчөшүнө, айрыкча ыйык Рамазан айында курчушуна терең тынчсыздануусун билдиргенин айтты. Кыргызстан бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга жана БУУнун уставына, эл аралык укук нормаларына ылайык конструктивдүү диалогду жандандырууга үндөөрү айтылды.
Эдил Байсалов БУУну аял жетектей турган мезгил келгенин айтты