БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Айгүл Рыскулова ЕЭКтин Эмгек миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Рыскулова 1995-жылы Эмгек жана социалдык мамилелер академиясын аяктаган.
1981-жылдан 1995-жылга чейин Кыргызстандын сот тутумунда иштеген.
1995–2003-жылдары — Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеп, андан соң жетекчиликти аркалаган.

2003–2005-жылдары — Социалдык фондунун аппарат жетекчиси, төрагасынын биринчи орун басары;
2005–2010-жылдары — Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министри.
2010-жылдан 2011-жылга чейин — президенттин кеңешчиси;
2012-жылы Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы;
2014–2018-жылга чейин — Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу, вице-мэр, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
2020-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү, КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы болуп иштеген.

Айгүл Рыскулова 62 жашта