БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас аймагында +11…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11, Нарын жергесинде +4…+6 жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.