Кыргыздын генийи аталган Салижан Жигитов

Sputnik
Залкар жазуучу, акын, сынчы, котормочу, публицист, ойчул, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Салижан Жигитов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.
Убагында китеп окуу жагынан алдына киши чыгарбаган окумуштуу бир нече тил билип, бир катар дүйнөлүк акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. "Кыргыздын туулганы, катын алганы, өлгөнү да азап" өңдүү учкул сөздөрү эл оозунда калды.
Sputnik Кыргызстан радиосу “Туяк” программасынын алкагында Салижан Жигитовдун кызы Салима Жигитованы чакырып, ал киши менен атасынын өмүр таржымалы туурасында кенен маек курган.