Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
РКӨФ Кыргызстандын курулуш тармагын колдоого 10 млн доллар бөлдүИран Харк аралын басып алууну көздөгөндүн баары катуу жазаланарын айттыСалык кызматынын башчысы Кыргызнефтегаздагы иликтөө боюнча түшүндүрмө бердиСалык кызматынын башчысы “Кыргызнефтегаздагы” коррупциялык схема делген маалыматка түшүндүрмө берди Алмамбет Шыкмаматов аталган ишкана УКМКнын көзөмөлүндө болгондуктан, текшерүү мүмкүн болбогонун белгиледи. "Азыр салыкчыларга мүмкүнчүлүк түзүлдү, барып текшерип, иликтеп чыгардык. Ачыкка чыгарыш керек же жаап-жашырыш керек деген тандоо болчу. Биз ачыкка чыгардык", — деди Шыкмаматов. Салык кызматы Кыргызнефтегаздын кирешесин Ташиевдер кымырып жүргөнүн баяндаган иликтөө чыгарган. Анда мамишкана соңку беш жылда 3 млрд сом киреше албай калганы айтылган. ИИМ аталган фактынын негизинде кылмыш ишин козгоп, Таймурас Ташиевди суракка чакырды.
Бишкек шаарында майыптыгы бар балдар үчүн курула турган "Үмүт чырагы" бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышкан. Минкаб башчысы бул долбоор өзгөчө балдарга болгон камкордуктун айкын белгиси экенин белгилеген. "Бул курулуш – биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч", – деди Касымалиев. Аталган долбоор өлкөдө мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экендигин жана бул багытта колго аларлык иштер жүргүзүлүп жатканын белгилеген.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жана "Металл Торг Сервис" компаниясы каржылоонун сегизинчи этабы боюнча 10 млн долларга келишим түздү. Фонддон билдиришкендей, бул каражаттар өлкөнүн курулуш тармагын металл прокаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жүгүртүү капиталын толуктоого багытталат. Он жылдык кызматташтыктын ичинде фонд ишканага жөнөкөй трейдерден кубаттуу өнөр жай өндүрүүчүсүнө чейинки жолду басып өтүүгө жардам берди. Бүгүнкү күндө "Металл Торг Сервис" – бул 28 миң чарчы метр аянтты ээлеген заманбап өндүрүштүк хаб. Учурда ишканада 700дөн ашык адам эмгектенет, ал эми жакын арада жумуш орундарынын санын 1000ге чейин жеткирүү пландалууда. Компания жыл сайын мамлекеттик бюджетке 2 млрд сомдон ашык салык төлөйт. Өндүрүштүк кубаттуулуктар Кыргызстандын муктаждыгын ата мекендик өндүрүштүн эсебинен 50 пайызга жабууга мүмкүндүк берет. Кыргызстан эми сырттан импорттобой, өз продукциясын чыгарууда.
Харк аралын басып алууну каалаган Ирандын думшандары Ормуз кысыгында кабылгандан алда канча оор жагдайга тушугат. Бул тууралуу өлкө Межилисинин энергетика комитетинин маалымат катчысы Эсмаил Хосейни айтканын Tasnim кабарлады. "Эгер душман аралга көз артчу болсо, ошондон ары жок болорун билиши керек", — деген ал. Буга чейин Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын расмий өкүлү Абольфазль Шекарчи кокус АКШ Харкка сокку ура турган болсо Жакынкы Чыгыштагы мунай жана газ объектилери күлгө айланарын билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 0 тыйынга юань 12 сом 68 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 73 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 78 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 77 сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ18-март түнкүсүн Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Шаршемби күнү күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Талас аймагында +11…+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +6…+11, Нарын жергесинде +4…+6 жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градусту көрсөтөт.