Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда балдардын болжол менен 9 пайызы ашыкча салмак менен жабыркайт. Бул көрсөткүч балдардын ден соолугуна көбүрөөк көңүл буруу керек экенин көрсөтөт. Балдардын туура тамактануусу, кыймыл-аракети, жетиштүү уйкусу жана ата-энелердин үлгүсү – мунун баары алардын келечектеги ден соолугуна түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бүгүнкү эфирде балдардын ден соолугун кантип сактоо керек, ашыкча салмактын алдын алуу үчүн эмне кылуу зарыл экендиги тууралуу сөз кылдык.