Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Эсептик чен 12 пайызга жогорулады. Улуттук банк себебин түшүндүрдүXIII эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагы башталды“Кыргызнефтегаздын” кирешеси боюнча кылмыш иши ачылдыИИМ “Кыргызнефтегаздын” кирешесин ири көлөмдө кымыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Эске салсак, кечээ “Кыргызнефтегаздын” 2021-жылдан берки кирешеси Ташиевдердин жакын чөйрөсүнүн колунда калганы тууралуу маалымат тараган. Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мунай өндүрүп сатуу процессинде мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген иш-аракеттер аныкталганын кабарлап, ага Ташиевдер кланынын тиешеси болгонун билдирген. Салык кызматына караштуу мамлекеттик мекеме видео даярдап, каражатты чыгарган схемаларды ачыктап берген.
Улуттук банк үстүбүздөгү жылдын 23-февралынан тарта эсептик ченди 11 пайыздан 12 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы билдирди. Анын айтымында, мындай кадам өлкөдөгү баалардын туруктуулугун сактоо жана экономикалык тобокелдиктердин алдын алуу максатында жасалды. "Мындай чечим тышкы факторлордун таасиринен улам баалардын кескин өсүп кетишине жол бербөө жана соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаалдын Кыргызстанга болгон терс таасирин басаңдатуу үчүн кабыл алынды", — деди ал. Ал белгилегендей, Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык көрсөткүчтөргө терең анализ жүргүзгөндөн кийин ушундай чечимге келген. "Бул узак мөөнөттүү келечекте экономиканын туруктуу өсүшүнө оң таасирин тийгизет", – деп кошумчалады Айнура Мамбеткул кызы.
Быйыл ЕАЭБде дүйнөлүк логистикалык системага кошулган транспорттук каркас түзүүгө басым жасалат. Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев билдирди. Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Ибраевдин айтымында, мында кеп биримдик өлкөлөрүнө жүк ташуунун глобалдуу чынжырчасына кошулууга жол ачкан транспорттук-логистикалык инфраструктура түзүү тууралуу болууда. Мындан тышкары, ЕАЭБ ичинде транспорттук кызматтарды кеңейтип, компанияларга башка өлкөнүн ичинде да жүк ташууга мүмкүнчүлүк берүүгө басым жасалмакчы. "Транспорт биримдиктин бир өлкөсүнөн экинчисине эле товар жеткирип кайта бербестен, ЕАЭБ ичинде да жүк ташый алат", — деди Ибраев. Ал мындай жагдай логистиканын наркын төмөндөтүп, товарды тезирээк жеткирип, биримдик ичинде жүктүн ташылышы үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн кошумчалады.
XIII эл аралык Махмуд Кашгари атындагы аңгемелер сынагына чыгармаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти. Анда белгиленгендей, кезектеги сынак Евразия жазуучулар союзунун 20 жылдыгына арналат. Конкурска буга чейин эч жерде жарыяланбаган жана башка сынактарга катышпаган чыгармалар кабыл алынат. Тематикалык жактан чектөөлөр жок. Аңгеме 1000 сөздөн кем эмес жана 10 000 сөздөн ашпашы керек. Аңгемелерди тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо 20-ноябрга, ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 8-декабрга белгиленген. Сыйлык акылардын өлчөмү: 1-орун — 45 миң түрк лирасы; 2-орун — 25 миң түрк лирасы; 3-орун — 20 миң түрк лирасы; Кызыктыруучу сыйлыктар — 10 миң түрк лирасы. Сынак Евразия жазуучулар союзу тарабынан уюштурулууда. Сыйлыктарды тапшыруу аземи кырдаалга жараша аралыктан (онлайн) өтүшү мүмкүн.