Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу көзөмөлдө турганы менен, мал арасында жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө маселеси актуалдуу бойдон калууда. Адистердин маалыматына ылайык, ветеринардык кызматтар өлкө аймагында малдын саламаттыгына мониторинг жүргүзүп, профилактикалык эмдөө жана текшерүү иштерин күчөтүүдө. Ошол эле учурда чек ара аймактарында эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу, мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана калктын азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн негизги факторлордун бири болуп эсептелет. Элеттеги абал боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Эпизотияга каршы көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Кемел Абдылүсөнов айтып берди.