Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
2026-жылга ветеринардык коопсуздук үчүн 135 млн сом бөлүндүГерманияда кезектеги иш таштоо болуп Берлин аэропорту бир күнгө ишин токтоттуАйып пул төлөбөгөн айдоочуларга мамлекеттик кызматтарды чектөө сунушталуудаИИМ жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун ордуна мамлекеттик кызматтарга чектөө киргизүүнү сунуштады. Статистика боюнча, өткөн жылы ар бешинчи айдоочу айып пул төлөгөн эмес. Мындай учурлардын саны 204 миңди түзгөн. Айып пул төлөбөгөндөргө төмөнкү кызматтар көрсөтүлбөйт: унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү; кыймылсыз мүлктү каттоо укугу; лицензиялар менен уруксаттарды берүү жана узартуу. Мындан тышкары, ИИМ бардык протоколдорду электрондук форматка өткөрүүнү пландап, мобилдик тиркеме иштеп чыгууда. Кагаз түрүндөгү протоколдор резерв катары калат.
2026-жылы ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга бюджеттен 135 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, натыйжада жазгы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн керектүү каражаттар менен камсыздоо 100 пайыз аткарылды. "Учурда вакциналарды жана биокаражаттарды ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана жоготуусуз пайдалануу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, көзөмөл күчөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Кыргызстанда 80 миңден ашык ипотекалык батир курулуп жатат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атканов билдирди. Анын айтымында, турак жай курулушу республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө. "Анын ичинде Бишкек шаарында 22 миң 996 батир, Чүй облусунда – 22 миң 440, Жалал-Абад облусунда – 12 миң 900, Ысык-Көл облусунда – 9 миң 317, Нарын облусунда – 569, Талас облусунда – 814, Ош облусунда – 7 миң 402 жана Баткен облусунда – 4 миң116 батир курулууда", - деп белгиледи ал.
Социалдык контракт алгандардын дагы 3 жашка чейинки балдарына 1200 сом жөлөк пул берилет Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Адель Жоомартова билдирди. Анын айтымында, 3 жашка чейинки 445 миң балага жөлөк пул берүү үчүн бюджеттен 3 миллиард 300 миллион сом каралган. 2027-жылы эки эсеге көбөйтүлөт. Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан баарына берилет.
Берлин-Бранденбург аэропортунда 18-мартка белгиленген иш таштоого байланыштуу бардык каттамдар токтотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка ылайык, жалпы 445 каттам жокко чыгарылып, болжол менен 57 миң жүргүнчү уча албай калды. Жүргүнчүлөргө билет маселеси боюнча өз авиакомпанияларына кайрылып, башка жолдорду карап чыгуу сунушталууда. Иш таштоону ири кесиптик бирликтер уюштурган. Алар аэропорттун 2 миңге жакын кызматкерин бир күндүк эскертүү акциясына чыгууга чакырган. Кесиптик бирликтер кызматкерлердин айлыгын кеминде 6% көбөйтүүнү же айына 250 евро кошуп берүүнү талап кылууда. Бирок аэропорттун жетекчилиги бул сунуштарды колдогон эмес. Акыркы сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөр айлыкты этап-этабы менен, 2028-жылдын аягына чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Бирок бул жылына орточо 1% гана өсүш берет деп эсептелүүдө.