Үч жашка чейинки бардык балдар алуучу “Бала ырысы” жөлөкпулунун механизмдери иштелип чыгууда

Sputnik
Кыргызстанда балага жөлөкпул берүү, аны дайындоонун критерийлерине коомчулукта бир катар сындар айтылып келет. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу шарттары жана аны дайындоонун тартиби тууралуу сөз болду.
Адистер жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси кандай эсептелери, керектүү документтер жана жарандар кайсы мекемеге кайрылышы керектиги тууралуу айтты. Алдыда үч жашка чейинки бардык балдарга берилүүчү “Бала ырысы” жөлөкпулунун механизмдери иштелип чыгат. Жөлөкпул берүүдө бир катар документтер кыскарып, санариптешкен. Акыркы жылдары жөлөкпулдардын көлөмүндө жана шарттарында болгон өзгөрүүлөр да болууда. Маектин жүрүшүндө жарандардын жөлөкпул алуудагы кыйынчылыктары, айрым муктаж үй-бүлөлөрдүн жөлөкпул ала албай калып жатышынын себептери жана бул тармактагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, жөлөкпул дайындоо критерийлерин жакшыртуу жана социалдык колдоо системасын өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу да сөз болду. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык колдоо департаментинин бөлүм башчысы Динара Орозобекова кеңири айтып берди.