Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Мэрия Нооруз майрамынын "Ала-Тоо" аянтындагы программасын жарыяладыВладимир Зеленский Ирандын эскертүүсүнө жооп бердиБайсалов Кыргызстан исламофобияга, дегеле бардык диний жек көрүүгө каршы экенин билдирдиКыргызстан — светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет. Бизде ислам маданий мурасы плюрализм жана дин тутуу эркиндиги боюнча принциптер менен айкалышып өнүгүп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди. Ал исламофобияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чарасында сүйлөгөн. "Эгемендүүлүккө жеткенден бери өлкөдө диний жашоо жанданып, мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты бекемдөөгө багытталышына өзгөчө көңүл буруп келет", — деди Байсалов. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өкмөт дин аралык диалогду, толеранттуулукту жана маданий-диний ар түрдүүлүктү урматтоону илгерилетип жатканын кошумчалады.
21-мартта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында күн менен түндүн теңелишине арналган чоң майрамдык иш-чара өтөт. Программа саат 11:00дөн 22:00гө чейин уланат. Программа: 11:00 — майрам расмий түрдө ачылып, куттуктоо сөздөрү айтылат; күн бою "Ордо" этношаарчаларында ар кайсы этностордун өкүлдөрү улуттук каада-салтын, турмуш-тиричилигин жана меймандостугун көрсөтөт; улуттук оюндар жана спорттук мелдештер. Коноктор кыргыздын салттуу оюндарында күч сынашып, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. кол өнөрчүлүк көргөзмөсү. Уста-чеберлердин колунан чыккан улуттук зер буюмдар, кийиз буюмдар, килемдер, сувенирлер сунушталат; чоң концерттик программа. Кыргыз эстрада жылдыздары, чыгармачыл топтор жана артисттер сахнага чыгып, улуттук жана заманбап чыгармаларды тартуулашат. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамын жакшы маанайда тосуп алууга жана майрамдык иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга Украинанын кийлигишүүсүнө байланыштуу Иран тарабынан айтылган эскертүүлөрдөн коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу ал i24NEWS телеканалындагы маегинде айткан. "Мындай билдирүүлөрдөн биз коркпойбуз", — деди ал. Өткөн ишембиде Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча комиссиясынын төрагасы Ибрагим Азизи Украина Израилге жардам көрсөткөнү үчүн анын аймагы сокку уруу үчүн бутага айланганын билдирген. Буга чейин Владимир Зеленский Сауд Арабиясына, Катарга жана Бириккен Араб Эмирликтерине "тиешелүү адистерди" жөнөткөнүн айткан. Ал эми Дональд Трамп бул билдирүүнү төгүндөдү.
АКШ президенти Дональд Трамп "Кубаны басып алуу" намыс алып берчү иш экенин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдөн айтканын РИА Новости жазды. "Бул — чоң сыймык. Бошотомбу, басып аламбы, менимче, Куба боюнча каалаганымды жасай алсам керек", — деген өлкө лидери. Анткен менен Трамп Кубаны Иран жана Венесуэладай кылар-кылбасын айтуудан баш тартты. Бирок ушу тапта Куба кыйла алсырап тургандыктан АКШ аны каалагандай калчай аларын белгилеген. Америкалык лидер буга чейин да Кубаны "төңкөрүш" менен коркуткан.29-январда Трамп Кубага мунай жеткирген мамлекеттердин товарына бажы салыгын киргизүүгө жол ачкан жарлыкка кол коюп, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн деген жүйө менен өзгөчө абал киргизген. Ал эми Куба Трамптын аракетинен улам отун кризисине кабылды. Кечээ аралда Улуттук электр энергетикалык системанын иши токтоду. Мындан улам өлкөдө нааразылык акциялары өтүүдө.