Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?

Sputnik
Кыргызстанда Соода деңиз каттамы жөнүндө кодекстин долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды. Бул документ деңиз ташууларын өнүктүрүүгө жана Кыргызстан желеги астында кемелерди колдонууга укуктук негиз түзөт. Долбоордо Кыргызстан деңизге чыгышы жок мамлекет болсо да, эл аралык укукка ылайык ачык деңизге жетүү жана эркин сүзүү укугуна ээ экени белгиленет. Биз адистер менен бирге бул кодекстин максатын, Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачарын жана анын эл аралык соода коридорундагы мааниси тууралуу сүйлөштүк.