Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматта бүгүн шаар башчысы Жанар Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен ишканалар курула турган аймактарга барганы айтылат. Мэрдин айтымында, жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыздоого өбөлгө болмокчу. Алсак, Озгур айылына агрардык өндүрүш; Жапалакка тамак-аш өндүрүшү; Алымбек датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы; Жибек Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасы тузулот. Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди.
Борбор калаадагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жака-белиндеги оргумалардан турган композицияны калыбына келтирмей болушту. Бул туурасында мэриядан кабарлашты. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев бүгүн Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү. Учурда ал жерде менчик ээлери мурда курулган конструкцияны бузуп жатат. "Келгиле, мурдагы каталарды кайталабайлы. Бүгүн силер аймакты кайра тосуп жатасыңар, эртең ал жерде бутиктер пайда болуп кетиши мүмкүн. Бул жерди шаар тургундары үчүн ачык кылып, коомдук эс алуу аймагын түзүү зарыл", — деген мэр. Жунушалиев демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн соңку долбоорду шаар куруу кеңешинин кийинки жыйынына даярдоону тапшырды. Ошондой эле шаар башчысы "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабат имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жөө адамдар үчүн жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.
Быйыл айт намазы республика боюнча мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтият билдирди. Эскерте кетсек, Айт 20-мартта белгелинет. Намаз саат 7:30да башталат, куран окулуп, баяндар айтылат. Муфтият тоолуу аймактарда убакыттан бир аз айырма болушуна уруксат берилерин кошумчалады.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайлардын биринде бир сомго көтөрүлгөн. 16-мартка карата АИ-92 — 74 сом 4 тыйын; АИ-95 — 79 сом 4 тыйын; Дизель майы — 78 сом 8 тыйынга бааланган. Өткөн жуманын башында нефтетрейдерлер күйүүчү май 2,5-3 сомго кымбаттаарын божомолдошкон. Ошол эле учурда бийлик тартыштык болбой турганына ишендирүүдө.
Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-сатыгынын көлөмү быйылкы жылдын январында 396,8 миллион долларды чапчып, былтыркы жылдын биринчи айына салыштырмалуу 11,3 пайызга көп болду. Мындай маалымат Статкомдун отчетунда айтылган. Өз ара сооданын бул мезгилдеги үлүшү көбүрөөк Россия (68,6 пайыз) менен Казакстанга (29 пайыз) тиешелүү. Жылдын алгачкы айында Кыргызстандын жалпы сырткы жана өз ара соодасы бир миллиард сомго чукулдаган. Бул 2025-жылга салыштырмалуу эки пайызга көптүк кылат. Муну менен катар эле экспорт 20,3 пайыз азайып, импорт 6,1 пайыз өскөн.