Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга мамлекеттик кызматтарды чектөө сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. ИИМ жол эрежелерин бузгандарга айып пулдун ордуна мамлекеттик кызматтарга чектөө киргизүүнү сунуштады.
Статистика боюнча, өткөн жылы ар бешинчи айдоочу айып пул төлөгөн эмес. Мындай учурлардын саны 204 миңди түзгөн.
Айып пул төлөбөгөндөргө төмөнкү кызматтар көрсөтүлбөйт:
унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү;
кыймылсыз мүлктү каттоо укугу;
лицензиялар менен уруксаттарды берүү жана узартуу.
Мындан тышкары, ИИМ бардык протоколдорду электрондук форматка өткөрүүнү пландап, мобилдик тиркеме иштеп чыгууда. Кагаз түрүндөгү протоколдор резерв катары калат.
ИИМ эреже бузган айдоочудан жеринде тест алууну караган долбоорду чакыртып алат