БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Гана Республикасынын тышкы иштер министри Самюэл Окудзето Аблаква Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду реформатор саясатчы катары сыпаттады. Мындай пикирин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукканда айтты.
Аблаква Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Ал Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүү боюнча кылып жаткан иштерин жогору баалаган. Экономикалык реформалар активдүү болгонун анын жыйынтыгы көрсөтүп жатканын белгилеген.
Министр ошондой эле Кыргызстан үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун трансатлантикалык аймактагы кулчулук темасына байланыштуу резолюциясын кароо маанилүү экенине токтолду. Анын айтымында, аталган маселе Гана үчүн өзгөчө мааниге ээ жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурушу керек.
Тараптар кен казуу, айыл чарба, билим берүү жана санариптештирүү тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле студенттердин эки өлкөдө билим алышы жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү боюнча макулдашты.
"Мен кыргыз тарапка биздин жаш футболчуларды кабыл алгандыгы үчүн ыраазылык билдирем. Азыр айрым ганалык футболчулардын Кыргызстанда ойноп жатканы — эки өлкөнүн спорт тармагындагы кызматташуусунун жакшы көрсөткүчү", — деди Аблаква.
Мындан тышкары, тараптар эки өлкөдө ардактуу консулдарды дайындоо чечимин кабыл алышканын белгилеп, бул келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам берерин айтты.
Жолугушууда министрлер эл аралык маселелерди да талкуулап, тынчтык жана туруктуулук принциптерин колдоорун билдиришти. Аблакванын айтымында, дүйнөдөгү кырдаал азыр баалардын өсүшү жана Жакынкы Чыгыштагы окуялардын, анын ичинде Ормуз кысыгы менен байланышкан көйгөйлөрдүн фонунда чыңалган бойдон калууда.
Ал ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болгон өлкөлөр тынчтык демилгелерди колдоп, жаңжалдарды дипломатиялык жол менен чечүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.