ЖМК: Европарламенттин депутаттары картадан Иранды таппай калышты

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Европарламенттин депутаттары дүйнө картасынан Иранды таба албай уят болушту. Бул туурасында франциялык Le Parisien басылмасы жазды.
Бул көрүнүш коомчулуктун кыжырын келтирген.
Депутаттар Иранды башка өлкөлөр менен чаташтырып алган видео марттын башында тартылганы менен элдин көзүнө өткөн дем алыш күндөрү урунган.
"Болгария, Түркия, Афганстан, Сауд Арабиясы... Бир катар эл өкүлдөрү бул өлкөлөрдү Иран менен алмаштырып алышты", — деп айтылат маалыматта.
Солчул "Багынбас Франция" партиясынын өкүлү Манон Обри эгерде Европарламент АКШ менен Израилдин Иранга каршы уланган согушу боюнча добуш берүүгө мажбур болбогондо, бул каталар күлкүлүү окуя катары каралмактыгын айткан.
"Кээ бирлер бул согушту айыптай албай жатканын эми түшүнүп турам", — деп жазган ал X социалдык тармагына.
Израиль менен АКШ Иранга чабуулун 28-февралда баштаган. Тегеран жооп кылып, каршылаштардын объектилерине сокку урган. Америка Иранды согуштук мүмкүнчүлүгүнөн ажыратам деп опурулуп, иран элин бийликти кулатууга чакырган.
Иран: Ормуз кысыгы АКШ, Израиль жана алардын тарапташтары үчүн гана жабык