БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Иранга каршы жүргүзгөн аскердик операциясы Украина үчүн чоң апаатка айланды. Бул тууралуу The American Conservative жазды.
"Россиянын мунайдан киреше табышы, куралдын жетишсиздиги жана сүйлөшүүлөрдөгү тыным... Киев мындай кыйын жагдайга тушуга элек болчу", — деп айтылат макалада.
Басылма Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтоп турушу Киев үчүн чоң жоготуу менен шартталышы мүмкүн экенин белгилеген. Мындан тышкары, коргонуу жөндөмүн алсыратып, сүйлөшүүдө таасир этүүчү рычагдарынан ажыратары айтылды.
Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский украин маселесин жөнгө салууда тоскоол болуп жатканын белгилеп, колундагы көзүрү азайганын, тез арада эпке келиши керектигин эскерткен.
Андан мурдараак Зеленскийдин тынчтык келишимин түзүү ниети жоктугуна таң калганын айткан болчу. Америкалык лидер ага караганда РФ президенти Владимир Путин менен макулдашуу кыйла оңоюраак деген пикирин билдирген.
Трамп муну менен бирге Ирандагы операциянын алкагында Зеленский сунуштаган жардамга муктаж эмес экенин белгилеп, анын Вашингтон жардам сурай турчу адам эмес экенин кошумчалаган.