УКМК төрагасы: бизнести коргоого даярбыз жана негизсиз кийлигишпейбиз

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. УКМК бизнести коргоого даяр жана негизсиз кийлигишпейт. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал өлкөнүн экономикалык өнүгүшү түздөн-түз бизнестин туруктуу иштешине, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын калыптандырууга байланыштуу экенин белгиледи. Шабданбековдун айтымында, бүгүнкү күндө бизнеске коюлган жалгыз талап — ишти ачык жүргүзүү.
"Бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети — тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Ошондуктан биз сиздердин ишмердүүлүгүңүздөргө негизсиз кийлигишүүнү көздөбөйбүз. Тескерисинче, эгер кандайдыр бир кысым көрсөтүлсө, коргоого даярбыз", — деди ал.
Ишкерлер да өз сунуштары менен пикирлерин билдиришти. Алар ачык диалог үчүн УКМКнын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ачык-айкындуулук болушу керектигин белгилешти.
Мындан тышкары, бизнес-өкүлдөрү мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу бизнес-коомчулукту көбүрөөк жана активдүү маалымдар кылып турууну сунушташты.
УКМКнын төрагасы буга чейин аныкталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери же ишкерлерге тоскоолдук жараткан учурлар мыйзамга ылайык катуу караларын белгиледи. Ошол эле учурда кылмыштуу схемаларга аралашкан ишкерлер жоопко тартыларын эскертти.
Маалымат борбор
Экономика министрлиги: эл акчаны көп сарптабай, үнөмдөсө дейбиз