БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы боюнча Вашингтондун өтүнүчүнө НАТО тараптан оң жооп берилбесе анын кесепети жакшы болбостугун Financial Times басылмасына интервью берип жатканда айтты.
"Эгер жооп болбосо же моюн толгосо, бул НАТОнун келечеги үчүн абдан жаман болот деп ойлойм", — деген ал.
Ак үйдүн кожоюну муну менен катар эле альянс боюнча союздаштарынын АКШ үчүн күйүп-бышарына деле ишенбей турганын моюнга алды.
"Эбактан бери эле айтып келем: биз аларды колдоп келсек, булар тараптан бизге андай жооп болбойт. Чындап күйүп, жардамга келерине ишенбейм", — деп кошумчалаган америкалык лидер.
Трамп Иран Ормуз кысыгын миналап, "азганактай" көйгөй жаратышы мүмкүндүгүн айтып, аны "көңүлдү чөгөрчү" тоскоолдук деди.
Мурдараак Wall Street Journal Ак үй бул аптада Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерди коштоп жүрүү үчүн коалиция түзүлгөнүн жарыялоону пландап жатканын кабарлаган. Ошол эле учурда Япония, Улуу Британия жана Франция сыяктуу бир катар өлкөлөр өзүнүн деңиз аскерлерин жөнөтүүдөн баш тартышты.
Ишемби күнү Трамп Кытайды жана бир катар өлкөлөрдү Ормуз кысыгы мындан ары коркунуч жаратпашы үчүн ал жакка аскердик кеме жөнөтүүгө чакырды. Ал Кошмо Штаттар бул аймактагы коопсуздукту жана эркиндикти "жакында камсыздайт" деген убадасын да берди.
АКШ лидеринин айыптаганына НАТОну жактагандар жооп кылганын ЖМКлар жазды.
Альянстын мурдагы катчысы Йенс Столтенберг Трамп президент болуп турганда НАТО тарап кетиши мүмкүн экенин четке каккан эмес.
"Столтенбергдин айтымында, НАТО Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамптын тушунда ушул бойдон каларына эч кандай кепилдик жок", — деп CBC телеканалы белгилеген.
Мындай кырдаалга Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи да комментарий берген. Бардыгына түтүп, чыдайт деген коопсуздук боюнча америкалык коргоо системасы ишенимсиз чыгып калганын айткан.
АКШнын энергетика министри Крис Райт америкалык аскерлер Ормузда коммерциялык кемелерди марттын аягынан эрте коштоп чыга албастыгын, себеби мындай мүмкүнчүлүк жарала электигин белгилеген.
Израиль менен АКШнын Иранга жасаган чабуулунан улам Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин катташы дээрлик токтогон. Бул энергоресурстун баасына таасир этти. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 119 доллардан ашкан. Бул 2022-жылдын июнунан берки жогорку чек, нарк 29-31 пайызга жогорулады. Газ да кымбаттоодо, өзгөчө европалык мамлекеттерде бул катуу сезилип жатат, февралдын соңунан бери баа 100 пайыздан көбүрөөк өстү.