Татарстандагы автокырсыктан эки кыргызстандык каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Татарстандагы автокырсык эки кыргызстандыктын өмүрүн алып кетти. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Кыргызстандын элчилигинин Казань шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына караганда, каргаша 15-мартта Альметьевск районунда болгон. КамАЗ менен Kia Carnival кагышып, 39 жана 38 жаштагы кыргызстандыктар ошол жерде көз жумган. Маркумдардын сөөгү Альметьевск шаарындагы өлүкканага жеткирилген.
Учурда тартип сакчылары жол кырсыктын чоо-жайын тактап, каза тапкандардын жакындарын издеп жатат.
Башкы консулдуктан бул окуя алардын көзөмөлүндө экендигин айтышты.
ТИМ: Якутиядагы жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза болду