Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналары түзүлөт. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматта бүгүн шаар башчысы Жанар Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен ишканалар курула турган аймактарга барганы айтылат. Мэрдин айтымында, жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот, ошондой эле ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундарды туруктуу жумуш менен камсыздоого өбөлгө болмокчу.
1 / 2

Жанар Акаевдин айтымында, жаңы өндүрүштүк зоналарды куруу шаардын экономикалык өсүшүнө чоң салым кошот.

2 / 2

Мэр Жанар Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен ишканалар курула турган аймактарга барды.

Өндүрүш зоналары түзүлө турган аймактар:
Озгур айылына агрардык өндүрүш;
Жапалакка тамак-аш өндүрүшү;
Алымбек датка муниципалдык аймагына оор өнөр жай тармагы;
Жибек Жолу муниципалдык аймагына жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасы.
Шаар мэри тиешелүү кызматтарга белгиленген аймактарда келечектеги өндүрүш зоналарын түзүү боюнча деталдуу пландарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды берди.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода алакасы улам өсүп бара жатат