БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.У.С. кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүү учурунда калаадагы билим берүү мекемелеринин жетекчилеринен мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы аныкталган. Аталган бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери калаадагы мектептер менен бала бакчалардын жетекчилеринин ар биринен беш миң сомго чейин акча талап кылышкан.
"Алынган акча билим берүү мекемелеринде аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн Эсеп палатасынын текшерүүчү инспекторуна берилет деп айтылып келген. Кызматтык бөлмөлөрдө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 68 миң сом накталай акча, ошондой эле Нарын шаарындагы 17 билим берүү мекемесинин тизмеси табылган. Анда акча тапшырылганы тууралуу белгилер коюлган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.