Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода алакасы улам өсүп бара жатат

Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-сатыгынын көлөмү быйылкы жылдын январында 396,8 миллион долларды чапчып, былтыркы жылдын биринчи айына салыштырмалуу 11,3 пайызга көп болду. Мындай маалымат Статкомдун отчетунда айтылган.
Өз ара сооданын бул мезгилдеги үлүшү көбүрөөк Россия (68,6 пайыз) менен Казакстанга (29 пайыз) тиешелүү.
Жылдын алгачкы айында Кыргызстандын жалпы сырткы жана өз ара соодасы бир миллиард сомго чукулдаган. Бул 2025-жылга салыштырмалуу эки пайызга көптүк кылат. Муну менен катар эле экспорт 20,3 пайыз азайып, импорт 6,1 пайыз өскөн.
КР ишкерлеринин ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасаган инвестициясынын көлөмү айтылды