БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Статистика комитети жыл башынан бери өлкөдө кайсы азыктар канчага кымбаттаганы тууралуу маалымат берди.
Тизме январь-февраль айларына карата 2025-жылдын декабрына салыштырылып түзүлгөн.
жашылча — 10,4%га кымбаттады
мөмө-жемиш — 4%
картошка — 3,8%
сүт азыктары, сыр жана жумуртка — 3,6%
колбаса жана эт азыктары — 3,2%
кой эти — 2,3%
уй эти — 1,6%
өсүмдүк майы — 1,4%
кант — 1,2%
балык — 0,9%
Ал эми ун (0,3%га) жана малдын майы (0,8%га) арзандаган.