БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайлардын биринде бир сомго көтөрүлгөн.
16-мартка карата баа төмөнкүдөй болду:
АИ-92 — 74,4 сом;
АИ-95 — 79,4;
Дизель — 78,8.
Өткөн жуманын башында нефтетрейдерлер күйүүчү май 2,5-3 сомго кымбаттаарын божомолдошкон. Ошол эле учурда бийлик тартыштык болбой турганына ишендирүүдө.