Жалпы эл Россияга кошулууну каалаган. Крымдын жаңы макамы. Видео

2014-жылы 16-мартта Крымда жарым арал статусу боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгы менен аталган аймак Россиянын курамына кирген.
Sputnik
12 жыл мурда жаз айында Крым менен Севастополь элинин басымдуу бөлүгү жалпы элдик добуш берүүдө эки аймактын Россияга кошулушуна ынтызарлыгын расмий билдирген.
Референдумга элдин 83,1 пайызы келген да, жыйынтыгында алардын 96,77 пайызы Россия тарапта болууну жактаган. Ошентип эки күндөн кийин, тагыраагы, 18-мартта, Россиянын лидери Владимир Путин жана Крым менен Севастополь жетекчилери аталган эки аймактын РФтин курамына кириши боюнча келишимге кол коюшкан.