17-мартка карата аба ырайы

17-март түнкүсүн Ош облусунун тоолуу, Ысык-Көл, Нарын региондорунун айрым жерлеринде кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 9…14, Талас, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 12…17 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 11…13, Ош шаарында 14…16 градусту көрсөтөт.
Тоолуу аймактарда кар жаайт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы