Жакынкы Чыгыштагы абалдан улам мунайдын баасы баррелине 100 долларды чаптып жатат. Аналитиктердин айтымында бул дагы чек эмес жана 200 долларга жетиши мүмкүн. Дүйнөлүк экономикадагы мындай абалдын азабын тартчу кайсы өлкөлөр? Массалык маалыматтарына чыккан сандарга таянсак Ормуз кысыгы жабылган эле күнү Европада күйүүчү майдын баасы 40 пайызга чейин өскөн. Ал эми анын кесепетинен ЕБде инфлация күчөп, 5% жетиши мүмкүндүгү божомолдонууда. Эмне үчүн АКШ өзүнүн союздашы Европаны мындай абалга кептөөдө? Мунайдын наркынын өсүшү БА мамлекеттерине кандай таасир этет? Бул суроолорго "Экономикалык панорама" уктуруусунун бүгүнкү чыгарылышында токтолобуз.