Тиш саламаттыгы: балдарда кариес эмне үчүн көбөйүүдө жана кантип алдын алса болот?

Sputnik
Тишке туура кам көрүү эрежелерине ылайык, тишти бала кезден, тиш чыккан учурдан баштап тазалоо керек. Ата-энелер бул адатты бала стресс албагандай үйрөтүп, акырындык менен көндүрүү кажет. Күнүнө жок дегенде эки жолу тиш жууп, туура тамактануу кариес оорусунун алдын алат. Акыркы жылдары кариес көп кездешип жатканынын негизги себептери – таттууларды ашыкча колдонуу, гигиенанын жетишсиздиги жана профилактиканын начардыгы болуп жатат. Көпчүлүгү тиш ооругандан кийин гана дарыгерге кайрылышат, бирок алдын ала текшерилүү абдан маанилүү. Убакытында дарыланбаган кариес пульпитке, ириңдөөгө жана башка оор учурларга алып келе тургандыгын Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун доцентин милдетин аткаруучу Талант Абдышев айтты. Ал тиш саламаттыгына жоопкерчилик менен мамиле жасап, жылына кеминде эки жолу стоматологго көрүнүү зарылдыгын кошумчалады.