Кыргызстанда кен иштетүү тармагында экологиялык талаптарды сактоо маанилүү маселелердин бири бойдон калууда. Айрым учурларда өндүрүш калдыктарын туура сактабоо, жерди рекультивациялоо иштерин өз убагында жүргүзбөө жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди көзөмөлдөбөө сыяктуу мыйзам бузуулар катталып келет. Мындай учурларда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузган ишканаларга чаралар көрүлөт.
Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору Гүлмира Тургунбаева айтып берди.