Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү

Sputnik
Кыргызстанда токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү соңку жылдары мамлекеттик маанилүү багытка айланды. Табигый токойлорду коргоо, алардын туруктуулугун камсыз кылуу жана жасалма — кол менен отургузулган токойлорду сактоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Ар бир участок эсепке алынып, абалы картага түшүрүлөт. Мындай чаралар токойлорду туруктуу пайдаланууга, экосистеманы калыбына келтирүүгө жана экологиялык тең салмактуулукту сактоого шарт түзөт. Акыркы кезде токойлордун душманы өрт кырсыгы жана малдын тебелеши. Климат өзгөрдү. Ал эми элде мал көбөйдү. Бирок экосистеманы сактоо үчүн токойлорду көбөйтүү маанилүү. Ошондуктан Токой кызматы Азия өнүктүрүү банкына атайын демилге менен кайрылышкан.
“Күн башат” программасында Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегияларды кабыл алуу башкармалыгынын башчысы Турдакун Абдыкадыров жогорудагы көйгөйлөр менен бөлүштү.