Трамп мунай жаатында Россияга каршы санкцияларды кайтарууну убадалады

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп мунайга байланышкан антироссиялык санкциялар кайтарыларын убадалады. Бул тууралуу ал NBC телеканалына маек куруп жатып билдирген.
Анын айтымында, чектөөлөр Иранга жасалган чабуулдан улам кымбаттап кеткен энергоресурстардын баасы жөнгө салынгандан кийин калыбына келтирилмекчи.
"Кризис токтоору менен санкциялар кайтат", — деген АКШ лидери.
Чектөөлөрдүн азыркы тапта жумшарышын Трамп мунайды баарына жеткиликтүү кылуу ниети менен түшүндүргөн.
Евробиримдик Россияга каршы санкциясы менен туңгуюкка кептелиши мүмкүн