Бул сүрөттү ким тартканын да жазбайбыз, автор өз укугун талашпайбы деп ойлоп да койбойбуз. Фольклорубуздагы макал-ылакаптар сыяктуу эле ар ким колдоно бере турган элдик чыгармалардай калк арасына сиңип кеткен. Албетте, алардын автору бар, болгондо да биздин замандашыбыз, немец жигити Теодор Герцен.
Биз бүгүн ошол керемет сүрөттөрдү тартуулаган художник Теодор Герцен тууралуу 10 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жери жана ата-теги. Өткөн кылымдын 20-жылдарында Совет бийлигин орнотууда ар кандай ыйкы-тыйкылыктар, өз жеринен көчүрүүлөр, айдоолор, сүрүүлөр болгон. Мына ошондо болочок сүрөтчүнүн ата-энеси Таластын Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылына келип туруп калат. Атасы Герцен Теодор Гергардович Донбасс шаарынан. Бул калаа дүйнөгө көмүр шахтасынын шаары катары белгилүү эле. Мында алгачкы революциялык кыймылдар чыккан. Апасы Анна Яковлевна Поволжьеде төрөлүп өскөн. Мына ошол эки тагдыр Талас жергесине келип, ушул жерден түтүн булатып, бир жаздыкка баш коюп, 1935-жылы уулдуу болушат. Жаш үй-бүлө таластык башка кишилердей эле негизинен дыйканчылык менен жан багып, экөөндө тең идирек бар болуп чыгат: атасы майда-чүйдө нерселерди оңдоп, ар кыл буюмдарды жасай коёт; апасы тигүү-бычуу иштери менен алектенет.
Манас баатыр. Теодор Герцендин сүрөтү.
Архив
© Фото / Теодор Герцен
Атасы жана энеси. Ошол жылдарда айылда болсун, шаарда болсун, ураан-чакырык жазуу кеңири тараган, 1-Май, 7-Ноябрь деген майрамдарда Ленинди, Сталинди, Компартияны урматтаган кызыл плакатка жазылган сөздөр сөзсүз колхоз-совхоз контораларында, "кызыл үйлөрдө", мектептерде, эгин чапкан, ташыган унаалардын маңдайында илинип турууга тийиш эле, болочок сүрөтчүнүн атасы ошондойлорду жазган. Сүрөт да тартат, ал мезгилде адис жок, эл сабатсыз, ошон үчүн бул кишини аймактагы жалгыз мектепке мугалим кылып, болгондо да кол өнөрчүлүк жана сүрөт сабактарынан мугалим кылып алышат, бул кесибин ал көп жылдар аркалайт. А түгүл атактуу "Красная заря" деген союзга даңкы таш жарган колхоздун башкармасы да болот. Апасы Анна байпак, кол кап токуйт, сайма саят, кийим тигет, кыскасы, бул жагынан чөлкөмгө таанылып, оозго алынат. Атасы Теодор Гергардович белгилүү себептер менен Улуу Ата Мекендик согушка алынбайт, Уралда эмгек фронтунда гана жүрөт.
Улутун жашырып устаканада узанган ата-бала. Даңктуу колхоздо негизинен немистер менен кыргыздар жашаган, калктын эне тили – орус жана кыргыз тилдери болгон. Көпчүлүк ушул эки тилди билген, ал эми немисче билгендер аз болгон, Германия менен согуш башталгандан кийин ал жердеги немистер өз улутун да ачык айта алган эмес. Көбү же кыргыз, же орус болуп кеткен. Эне тилин окушкан эмес. Ушул айылда айтылуу сүрөт мугалими, кийинки бухгалтер, колхоз жетекчиси Герцен сүрөт өнөрүн өтө сыйлаган белем, айтор, атайын колхоздун сүрөт музейин уюштурат. Ал мезгилде мындай көрүнүш Кыргызстандын башка айлында жок эле. Ушул Орловкада (айылдын совет жылдарындагы аты) гана болгон. Ошондо ата-бала Герцендер катарлаша иштейт. Бул 50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башы эле.
Окуу жылдары. Бала он бешке чыкканда, 1951-жылы, сегиз жылдык мектепти бүтүргөн соң кыргызстандык немистер өзгөчө каттоодо турганбы, Таластан атайын комендантурадан уруксат алып, Кызыл-Кыя шаарындагы Тоо-кен өнөр жай окуу жайына тапшырат. Окууга өтөт. Ушул мезгилде ал жерде кийин атактуу партиялык жетекчи болгон Абсамат Масалиев да окуп жаткан. Ал окуудан алган адистиги боюнча көмүр шахтасында электровоз айдоочусу болуп бир жылдай иштеп берет. 1954-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайына живопись адистиги боюнча кирип, Александр Игнатьев менен Федор Стукошин деген атактуу сүрөтчүлөрдөн таалим алып, билимин Москва жогорку сүрөт-өнөр жай окуу жайында улантып, сүрөтчү-монументалист деген кесипке ээ болот. 1967-жылы СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.
Кыдырбаган жери калбагандай. Таласта, Бишкекте жашаганы менен бүт республиканы кыдырып, ошол жактарда иштеп турган. Кемин районунун Ильич совхозунун клубуна "Дем алуу" (1967), Кочкор районунун "Соң-Көл" совхозунун клубунун фойесине "Жылкычылар" аттуу мозаика (1977), Ак-Суу районунун "Каракол" совхозундагы мектептен фасадына "Дем алыш күн" (1976), Ысык-Көл жылкы заводунун ашканасына интерьер, Сокулук районундагы "Красная заря" колхозунун маданият үйүнүн фойесине айылдык жаштар тууралуу эмгектерди, Киров суу сактагычына горельеф (1976-1982), Юров суу сактагычына рельеф, Фрунзе шаарындагы камволдук-нооту комбинатына "Гимнастика", ВЛКСМ кийим тигүү фабрикасынын фасадына мозаикалык панно (1984), борбор калаадагы "Ай-Пери" салонуна "Аялдар" деген мозаика (1985), Ош кыргыз драма театрына керамикалык мозаика, витраж, жыгачтан оюп түшүргөн эмгектерди жасаган. Биз анча элес албаган бул эмгектер чет элдиктер, туристтер тарабынан бааланганын, алар бул иштердин алдында бир топко карап туруп калганын көрүп жүрөбүз. Ушундай иштерди Герцен бүт Кыргызстанды кыдырып, эмгектерин калтырып, өзгөчө Киров суу сактагычында, Токтогул ГЭСинде иштеп жүрдү. Анын сүрөтчү-монументалист катары мозаика жана фреска техникасында иштеген бул чыгармалары бир топ жерде азыр да турса, айрымдарын рыноктун ырылдаган шамалы учуруп кетти.
Сүрөттөрү. Ал биздин өлкөдө жашап жүргөн кезде 800дөн ашык сүрөт тарткан. Сүрөтчү экслибрис (китептердин, эмгектердин ээсин аныктаган белги-символ) жасоонун чебери катары жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, акын Светлана Токомбаеванын, сүрөтчүлөр Жумабай Үмөтовдун, Александр Игнатьевдин экслибристерин жасап, кыргыз искусствосунда бул жанрга өзүнчө жол ачкан. Ал "Үрмарал суусу" (1967), "Талас тоолору" (1968), "Киров суу сактагычы" (1974), "Соң-Көлдө" (1976), "Кечки жомок" (1978), "Манастын күмбөзү" (1980), "Уулумдун портрети" (1980), "Менин өнөрканам" (1980), "Талас суусу" (1984), "Жылуу жамгыр" (1966), "Бир тууган колхозумда" түрмөгү (1970), "Чак түш", "Натюрморт", "Саанчы", "Абышкалар", "Куруучулар" ж.б. пейзаждык жана портреттик сүрөттөрүн тарткан. Берлин Орозбаевдин, Калый Молдобасановдун портреттери анын бул жанрдагы ийгиликтүү аракеттерин көрсөтөт. Китеп иллюстрациялоо иштерин да колго алып, Токтогул Сатылгановдун, Егор Исаевдин ыр жыйнактарына тарткан графикалары Бүткүл союздук конкурстардын жеңүүчүсү аталган. Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" деген китебине түстүү пасель менен жасалгасы, "Песнь о Нибелунгах" (1992) деген немец эпосун кооздошу анын эмгектеринин ар тараптуулугун айгинелейт. "Кыргыз эл жомокторун", Сүйүнбай Эралиевдин, Омор Султановдун ыр жыйнактарын окурмандарды сүйүндүрүп чыгармачылык менен кооздоп берген.
Таластан тапкан Манас руху. Талас жергеси, анын сырдуу да, ажайып да табияты, кичинесинен кыргыз дастанын угуп чоңоюшу, жомоктор дүйнөсү Теодор Герценди "Манас" сюжетине тартып келгендей. Таласта Манастын күмбөзү бар, "Манаста" айтылган Эчкилинин тоосу бир жагында турса, бир жагында Манастын Тал-Чокусу көрүнөт. Манасчылар дастандын үзүндүлөрүн күнү-түнү оозеки айтат. Ошентип каны бөтөн, улуту башка болочок сүрөтчү жомоктогу сыйкырдуу, баатырдык рухту башкача бир сугалактык менен өзүнө терең сиңире бергенсийт, көкүрөгү тунук жигит жашынан Манастын рухун жүрөгүнө байыр алдыргансыйт. Манастын уламыштарын угат, китептерин жата калып окуйт.
Сагынбай атанын "Манасы" жана Теодор Герцендин жасалгасы. Кыргызстанда китеп чыгаруу иши негизинен өткөн кылымда гана жүргүзүлсө да, анын өзгөчө гүлдөө доору, бийиктиги XX кылымга, анын 70-80-жылдарына туш келди. Дал ушул мезгилде Сагынбай Орозбак уулунун айтуусунда "Манас" дастаны китеп болуп жарыяланмак болот. Мурда "Манастын" бириктирилген варианты төрт китеп болуп чыгып, ошол колдонулуп, биринчи кезекте окутулуп келинген. Ал эми Сагынбай Орозбак уулунун варианты көркөмдүүлүгү күчтүү деп эсептелингени менен китеп кылып чыгарууга идеологиясы кылдан кыйкым тапкан тоталитардык саясат жол ачкан эмес. "Манас" чыгармасы өзү үч муундун (Манас, Семетей, Сейтек) айланасына топтоштурулган (айрым манасчылар андан да көп муундарын айтышат), бирок Сагынбай атадан өткөн кылымдын 20-жылдарында ошонун бир гана бөлүгү – биринчи "Манас" бөлүгү жазылып калынган. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун, "Кыргызстан" басмасынын жана жазуучу Айтматовдун зоболосунун зор күчү менен бул варианттын 1-китеби 1978-жылы, 2-китеби 1979-жылы, 3-китеби 1981-жылы жарык көрдү. Ар бир китеби 20 басма табактан өйдө, ар бир китеби 20 миң нускадан көп бул басылма Кыргызстандын маданиятынын тарыхы үчүн чоң окуя, уникалдуу көрүнүш болгон. Эгер "кыргыз рухунун туу чокусу" (Чыңгыз Айтматов) "Манас" дастаны болсо, кыргыз китеп басуу өнөрүнүн туу чокусу ушул Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы "Манас" китеби болгонун бүгүн эми айтууга толук негиз бар. Ошол ХХ кылымдын башкы китебинин баркын көтөрүп, баасын ашырып турган — бул анын ичиндеги сүрөттөр. Ал сүрөттөрдү тартуу үчүн таң каларлыгы — кыргыз сүрөтчүлөрү эмес, улуту немис сүрөтчүсү тандалгандыгы. Азыр китептен китепке, гезиттен гезитке, буклеттерге, каттарга, маркаларга, сувенирлерге кайра-кайра көчүрүлүп, көчөлөргө, мектептерге, маданият сарайларына илинген ошол китептен чыккан бул сүрөттөр бүгүн кыргыз баласынын ажырагыс бир жандоочусуна, рухий күл азыгына айланды. Бул сүрөттөр өзүнчө бир легенда, өзүнчө бир колдон колго өткөн таберик буюм болуп калды. Кыргыз тарыхында бир да сүрөтчүнүн бир да чыгармасы мурда минтип "саякаттаган" эмес, мынчалык популярдуулукка ээ болгон эмес. Ошол китептер чыкканда Чыңгыз агабыз кыздын себине кошуп берер мүлк болду деди эле, ал киши ошондо бул сөзүн анын жасалгасына, асыресе, Теодор Герцендин эмгектерине да карап айткандыр...
"Манас" эпосу. Теодор Герцендин сүрөтү Архив
© Фото / Теодор Герцен
"Манас" керемети кантип берилди? Баарына белгилүү болгондой, "Манас" — адабий-көркөм баян. Ал элдин кыялынан, үмүт-тилегинен жаралган, анда баатырлар бар, анда фантазия бар, анда кадимки турмуш бар, анда сүйүү, достук, согуш, кыскасы, баары-баары бар. Демек, мына ошол көп кырдуу турмуш сүрөтчүнүн кыл калеминде көп кырдуу бойдон чагылдырылууга тийиш эле. Сүрөтчү жөн гана сүрөтчү болуу менен "Манас" темасына кире алмак эмес, ал абдан бай фантазияга, учкул кыялга, тарыхый, этнографиялык билимге ээ болушу керек болчу. "Манастын" маанисин, андагы архаикалык көп түшүнүк-белгилерди, азыр колдонуудан чыгып калган мотивдерди, унутулган лексиканы толук аңдап түшүнүүсү зарыл эле. Теодор Герцен мына ошол "Манас" сүрөтчүсү үчүн эң биринчи керек нерсени кармай билген. "Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы" деген "Манастан" калган сөз бар. Бул баба сөзү канча кылым айтылып келе жаткан болсо да сүрөт өнөрүндө чагылдырыла электир эле, ал эми Герцен муну берүү үчүн кадимкидей дасторкон четинде отурган кишилерди тартат, алар кайгы-капалуу, колдорунда кымыз, ортодо табак, табакта булоолонуп жаңы гана бышып алдыга коюлган тамак. Чыры кана? Ошол тамакка бир нече шамшар сайылып турат. Ал эми шамшар, бычак, кылыч дегендер "канга – кан", "өлүмгө – өлүм" деген жоокерчилик доордун бир шерти… Мына, сүрөтчү тапкан образ. Эпосто жайма көкүл жаш Айдар деген каарман бар. Шашылышта алыска кабарга ошону жиберет, желден тез жүрүп кабар жеткирет. Сүрөтчү анын поэтикалык образын учуп бараткан ат үстүндө, өзү аттан өтүп алдыга умтулган аракетте, булуттардын арасында берет. Аны менен кабарчылыктын символу каркыралар катарлаша, жарышып учуп баратат… Сүрөтчүнүн кыл калеминен согуш эпизоддору да аябай эле сүрдүү, панорамалуу чыгат, жоокерлердин колдонгон куралдарын да аларды билбей калган азыркы муун үчүн ыктуу берет. Кылкылдаган көп колду өзүндөй кылып берүүгө, эпикалуулукту, монументалдуулукту сактоого далалат кылат. Анын баатырлары сүрдүүлүгү, чексиз кара күчтүн ээси болгону менен айрымаланат, кудум эле жомокто сүрөттөлгөндөй көзүнөн от менен жалын чыгат. Анын бир көрөгөчтүгү терс образдарга башкача бир боёк сүртүп ийбейт, алар дале кадимки адам, баатыр, кара күчтүн ээси катары көрүнөт. Герцендин аттары эпикалык тулпарларды сүрөттөгөн образдуулугу менен, адамга "канат болгон" "кишиликтүүлүгү" менен, туягы туягына тийбеген касиети менен, кыргыздардын ат философиясын кармай билгендиги менен айырмаланат. Теодор Герцендин керемети "Манас" менен аябай айкалышкан, бири-бирин ачкан, толуктаган. "Манас" ага илхам, эргүү берген, темасын табууга жол көрсөткөн. Бул эмгектер дагы көп жылга чейин барктала береринен, көчүрүлүп жүрө береринен, накта элдик искусство катары жашап каларынан күмөн саноого болбойт. Анткени ал "Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй" айкөл Манастын бейнесин толуктап тургандыгы менен кызыктуу да, көрүмдүү да, касиеттүү да...
Германиядагы күндөр. Таланттуу манасчы-сүрөтчү, монументалист, график, живописчи, китеп иллюстратору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл сүрөтчүсү, Кыргызстандын Сүрөт академиясынын академиги өмүрүнүн соңку жылдарында бир чети жашоо үчүн, бир чети дарылануу үчүн Германияга жол алды. Анын айылдаштары, кыргызстандык немистер, бүт эле жашоо кыйындаган жылдары Европага кетип жаткан. Мурдагы атасы баштап берген Таластын совет учурундагы Орловка, андан да мурдагы жана азыркы Ак-Дөбө айылындагы жол боюндагы герцендердин сүрөт музейине көңүл бурулбай, сүрөттөр тытылып, оңдолбой, анча-мынчасы уурдалып, кээси арзан сатылып жаткан. Теодор Герцен катуу ооруп, бир топко жатып калды да, 2003-жылы 29-июнда Германиянын анча чоң эмес Кёльн деген шаарына жакын жерде Кыргызстанга куса болуп жүрүп акка моюн сунду… Сөөгү 7-июлда Хюрт шаарына коюлган.