Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийге караганда Путин менен иштешүү бир топ жеңил. Трамптын кеби

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесинде россиялык кесиптеши Владимир Путин Владимир Зеленскийге караганда кепке оңоюраак келе турганын NBC телеканалына маек куруп жатып айтты. https://editor.ria.ru/organization_NBC/
"Сүйлөшүү өтө оор (Зеленский менен — ред.)", — деген өлкө башчысы.
Трамп Зеленскийдин келишим түзүүгө ниети жоктугуна катуу таң калганын кошумчалаган. Муну менен бирге Иранга каршы операциянын алкагында анын жардамына муктаж эмес экенин, Зеленский Вашингтон жардам сурай турчу киши эмес экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Путин менен Трамп дүйшөмбү күнү телефон аркылуу бир саатка чукул сүйлөшүшкөн. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков россиялык лидер атайын операциянын жүрүшү тууралуу айтып бергенин маалымдаган. Мындан тышкары, лидерлер Иран жана дүйнөлүк мунай рыногундагы абалды талкуулашканы айтылды.
Зеленский Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине Ирандын чабуулунан коргонуу үчүн дрондорду алып түшкөн украин техникасын сунуштаган. Аны менен Украина Куралдуу күчтөрү Киевдеги объектилерди да коргой албай жатканы айтылып келет. Зеленский көрсөткөн көмөгү үчүн Patriot ракеталарын сураган. Трамп Украина иран дрондорунун соккусуна жооп берүүгө эч кандай жардам бере албастыгын, АКШ Киевдин көмөгүнө зарыл эмес экенин белгилеген.

Украинада тынчтык орнотуу аракети

Январдын соңу жана февралдын башы менен Абу-Дабиде Москва, Киев жана Вашингтондун жумушчу топторунун жыйыны өткөн. Өкүлдөр АКШ сунуштаган тынчтык планынын чечиле элек жагдайларын талкуулашкан болчу. Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен Россия жана Украина туткун алмашууну чечишкен.
Кремль белгилегендей, АКШ Аляскадагы саммитте макулдашылган формула боюнча аймактык маселе чечилмейин узак мөөнөттүү тынчтыкка үмүт артып кереги жок экенине ынанды. Украинанын Куралдуу күчтөрү Донбасстан чыгып кетиши керек, бул — Москванын башкы талабы.
Зеленскийдин Крым тууралуу айтканы Батыштын эсин оодарууда