БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ормуз кысыгы АКШ, Израиль жана алардын тарапташтары үчүн гана жабык. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи MS Now басылмасына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Чынында Ормуз кысыгы ачык. Бизге кол салган душмандарга, аларга ыктагандарга тийиштүү танкерлер менен кемелер гана өтө албайт. Калгандар кысыктан ээн-эркин өтө берет", — деген дипломат.
Министр мамлекеттердин аймактан өткөн кемелердин коопсуздугу боюнча тынчсыздануусу Иранга байланыштуу эмес экенин белгиледи.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп айрым Европа жана Азия өлкөлөрүн Ормузга аскер кемелерин жөнөтүүгө чакырган.
Бейшемби күнү Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи кысык жабык боюнча калышы керектигин, Тегеран аны АКШ жана Израилге таасир этүүчү курал катары пайдаланарын айткан.
Эсекрте кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясынан улам Ормуз кысыгында кыймыл дээрлик токтоп калды. Натыйжада энергоресурстун баасына таасир этти. Дүйшөмбү күнү Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 119 доллардан ашкан. Бул 2022-жылдын июнунан берки жогорку чек, нарк 29-31 пайызга жогорулады. Газ да кымбаттоодо, өзгөчө европалык мамлекеттерде катуу сезилип жатат, февралдын соңунан бери баа 100 пайыздан көбүрөөк өстү.