Мыктыбек Оролбай UFC турниринде бешинчи ирет жеңишке жетти

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай UFC турниринде кезектеги жеңишин багындырды.
15-мартка караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC Fight Night 269 турнири өттү. Жыйынтыктоочу бөлүктө Мыктыбек Оролбай америкалык мушкер Крис Кёртис менен күч сынашты. Калыстар үч раунддун жыйынтыгында бир добуштан жеңишти Оролбайга ыйгарышты.
Кыргызстандык мушкер 77 килограмм салмак категориясында беттешти. Анын уюмдагы алгачкы таймашы 2023-жылы 18-ноябрда Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашкан. Беттештин экинчи раундунда кыргызстандык спортчу жеңишке ээ болгон.
Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде алтын жана күмүш медаль утту