БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Чүй облусунда мурдагы аялын уурдоого шектүү киши кармалганын облустук милиция маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 13-мартта саат 17:30дар чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 38 жаштагы А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү Кант шаарында бир тууган карындашын мурдагы жолдошу Ч.С. уурдап кеткенин жазган. Тактап айтканда, шектүү арыз ээсинин карындашына тиешелүү Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаага аялды күч менен салып кетип дайынсыз болуп жатканын белгилеген.
Бул факт Ысык-Ата РИИБинде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"Тергөөдө Ч.С. 13-мартта саат 09:00 чамасында Кант шаарында мурдагы аялын күч менен Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаасына салып, тоого алып кеткени аныкталды. Ал көрүстөндүн жанында аялды өлтүрөм деп коркутуп, 40 000 доллар талап кылган. Шектүү саат 21:00гө чейин ээн талаада аялга зомбулук көрсөтүп, ыплас мамиле жасаган", — деп айтылат милициянын маалыматында.
Тартип сакчылары 36 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Тергөө уланууда.