Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү. Көрсөткүчтөр

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги БШКга таянып жазды.
Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 73,24 пайызы катышты. Шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы добуш берген учурда референдум өттү деп таанылат.
Эң жогорку көрсөткүч — шайлоочулардын 93,04 пайызы добуш берген Кызыл-Орда облусунда катталды. Ал эми Алматыдагылардын болгону 33,34 пайызы референдумга келген.
Эске салсак, жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча жалпы элдик референдум өткөрүү тууралуу жарлыкка өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев 11-февралда кол койгон.
Жарлыкка ылайык, жаңы долбоордо азыркы Баш мыйзамдын 80 пайызынын өзгөрүүсү каралган. Казакстандыктар бюллетендеги бир гана суроого — 2026-жылдын февралында жарыяланган Конституцияны кабыл алабы деген соболго жооп бериши керек болгон.

Негизги өзгөрүүлөр:

эки палаталуу парламент бир палаталуу Курултай болот (145 депутат партиялык тизме менен беш жылга шайланат);
вице-президенттин кызматы калыбына келтирилет (1996-жылы токтотулган). Ал Курултай менен макулдашылып президент тарабынан дайындалат да, өлкө башчысынан кийинки адам болот;
жаңы консультативдик орган — Халык Кенесы (Элдик кеңеш) түзүлүп, мүчөлөрүн президент дайындайт;
парламенттен башкы прокурорду, Жогорку соттун төрагасын жана акыйкатчыны кол тийбестиктен ажыратуу укугу алынат;
нике эркек менен аялдын ортосунда гана жүрөт;
чет жактан каржыланган коммерциялык эмес уюмдар үчүн "чет элдик агент" түшүнүгү кирет;
орус тилинин макамы такталып, казак тили менен "тең колдонулат" дегендин ордуна "бирге" деп айтылат;
дин мамлекеттен расмий бөлүнөт.
Баш мыйзам кабыл алынган соң 1-июлдан тарта күчүнө кирет, азыркы парламент тарап, өкмөт отставкага кетет. Бир палаталуу парламентке шайлоону августтун соңуна чейин өткөрүү пландалган.
Конституциялык сот президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берди