РоссияБИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Европа Украинаны согушту улантууга ынандыруу аракетинде. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Financial Times басылмасына маек куруп жатып айтты.
"Тилекке каршы, европалыктар Киев согушту токтотпошу үчүн болгон күчүн жумшап жатат", — деди Кремлдин өкүлү.
Ал ушу тапта украин маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр токтоп турганын, АКШнын максаты азыр башка экенин белгилеген.
Песков, мындан тышкары, Москвага келген Франциянын өкүлү тууралуу да сөз кылды.
"Франциянын өкүлү украин маселесинин алкагында келген. Бирок анын сапарынан эч кандай майнап чыккан жок", — деди ал.
РФ президентинин маалымат катчысы атайын операция жүрүп жаткан аймакта Россиянын позициясы жакшы экенин белгилеп, деген менен Москва тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн ачык бойдон кала берерин кошумчалады.