Бишкекке Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн 142 кыргызстандык алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бүгүн саат 6:30да "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргызстандыкты алып келген учак конду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
1 / 4

"Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргызстандыкты алып келген учак конду

2 / 4

Буга чейин биринчи этап менен Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн мекендештер Эр-Риядга жеткирилген

3 / 4

Министрлик абал толук турукташканга чейин жогоруда аталган мамлекеттерге барбай турууну кайрадан эскертти

4 / 4

буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган

Буга чейин биринчи этап менен Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн мекендештер Эр-Риядга жеткирилгени айтылган болчу.
Министрлик абал толук турукташканга чейин жогоруда аталган мамлекеттерге барбай турууну кайрадан эскертти.
Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган.
Эске салсак, февралдын соңунан тарта АКШ, Израилдин Иранга каршы соккуларынын алкагында Жакынкы Чыгышта абал курчуган. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
ТИМ: Жакынкы Чыгыштан 3000дей кыргызстандык кайтып келди