БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады. Өлкө башчынын кайрылуусун "Ынтымак ордо" таратты.
Анда Жапаров аталардын кыргыздын тарыхындагы жана бүгүнкү коомдогу орду эбегейсиз чоң экенин белгилеген.
"Айрым баалуулуктар алмашып бараткан доордо да кыргызда атанын улуктугу, эненин ыйыктыгы, баланын бакыт экени бекем орношу абзел. Азыркы ата-энелерге, ата-эне болуучу кийинки муун өкүлдөрүнө өрнөк катары өтсүн деген тилек менен "атанын сөзү — акылдын көзү", "атанын өнөрү — балага мурас", "жакшы атанын кадыр-баркы — жаман уулга кырк жыл азык", "атанын тилдегени — баласын бил дегени" сыяктуу таасын накыл кептер бүгүн да жаңырып келет", — деген президент.
Жапаров, эң ириде, ата бул жоопкерчилик, үй-бүлөнүн бүтүндүгү жана бекемдиги экенин белгилеген.
"Ошондуктан жараткан тарабынан атага өмүрлүк жары, балдары аманат кылынып, үй-бүлөсү үчүн кандай гана кыйынчылыктар болбосун даяр болууга майышпас мүнөз, эркектик акыл-парасат тартууланган. Үй-бүлөдө ата баланын биринчи таянары, биринчи коргоочусу, биринчи үлгүсү болсо, коомчулукта ата — бул жашоонун багыт берүүчүсү, улуттун ар-намысы. Мындан улам өлкөбүздүн жаркын келечеги болгон балдарды тарбиялоодо атанын да орду өтө жогору экенин эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек", — деген президент.
Ал ошондой эле аталар бул күнү эле эмес, ар дайым ардакталып, коомдо алардын орду бөксөрбөшүн каалаган. Мындан тышкары, ар бир кыргыз жараны атасы менен сыймыктансын деген тилегин билдирген.