БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 7…12, Талас чөлкөмүндө 4…9, Ысык-Көл облусунда 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 10…15, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 8…10, Ош шаарында 12…14 градусту түзөт.