Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дагы 142 кыргызстандык мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. ТИМ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандарды кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабын аяктады. "Бүгүн, 15-мартта саат 06:30да "Манас" эл аралык аэропортуна Сауд Аравия Падышалыгынан 142 кыргызстандык менен атайын учак ийгиликтүү келип конду. Буга чейин маалымдалгандай, иш-чаранын биринчи этабында Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн жарандарыбыз атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта. Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумча маалымат берип турат. Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.
Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир айда 552 миллион долларга азайды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Январдын аягында резервдердин көлөмү 10 млрд 177,2 миллион долларды түзсө, февралдын этегинде 9,6 миллиард долларга чейин азайган. Бул аралыкта дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп, Улуттук банк валюта рыногуна 272,5 миллион доллар саткан. Алтын-валюта резервдери сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.
Ысык-Көлдө “Формула-1ге” окшош кайыктардын жарышы өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Кабарга караганда, президент Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту биримдигинин жетекчиси Раффаэле Чиуллини кабыл алган. Жолугушууда эл аралык жарышты Кыргызстанда өткөрүү тууралуу сөз болгон. Раффаэле Чиулли Садыр Жапаровго бул кубоктун программасына эң жогорку жана эң престиждүү класстагы катер жарышы кирерин айтып берген. Ал жарыш — UIM F1H2O World Championship деп аталган катерлердин дүйнө чемпионаты. Андан тышкары, аквабайк, мотосерф жана гидрофлайборд боюнча көрсөтмөлүү жарыштар уюштурулат. Жапаров менен Чиулли мындай кубокту өткөрүү Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын көтөрүүгө жардам берерин белгилешкен. Ошондой эле бул иш-чара улуттук брендди эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.
Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай UFC турниринде кезектеги жеңишин багындырды. 15-мартка караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC Fight Night 269 турнири өттү. Жыйынтыктоочу бөлүктө Мыктыбек Оролбай америкалык мушкер Крис Кёртис менен күч сынашты. Калыстар үч раунддун жыйынтыгында бир ооздон жеңишти Оролбайга ыйгарышты. Кыргызстандык мушкер 77 килограмм салмак категориясында беттешти. Анын уюмдагы алгачкы таймашы 2023-жылы 18-ноябрда Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашкан. Беттештин экинчи раундунда кыргызстандык спортчу жеңишке ээ болгон.**АКШ президенти Дональд Трамп мунайга байланышкан антироссиялык санкциялар кайтарыларын убадалады. Бул тууралуу ал NBC телеканалына маек куруп жатып билдирген. Анын айтымында, чектөөлөр Иранга жасалган чабуулдан улам кымбаттап кеткен энергоресурстардын баасы жөнгө салынгандан кийин калыбына келтирилмекчи. "Кризис токтоору менен санкциялар кайтат", — деген АКШ лидери. Чектөөлөрдүн азыркы тапта жумшарышын Трамп мунайды баарына жеткиликтүү кылуу ниети менен түшүндүргөн.