БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Чоң-Арыкта унаанын ичинен жогорку кызматтагы аткаминердин сөөгү табылды. Маалыматты өздүк булактар тастыктады.
Маркум Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капалов экенин билдиришти.
Тез жардам кызматына 23:00дөр чамасында билдирүү түшкөн. Сөөк аймактагы банкеттик залдардын биринин жанынан, кызматтык унаанын ичинен, ок жеген абалда табылган.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.