БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө “Формула-1ге” окшош кайыктардын жарышы өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга караганда, бүгүн президент Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту биримдигинин жетекчиси Раффаэле Чиуллини кабыл алган. Жолугушууда эл аралык жарышты Кыргызстанда өткөрүү тууралуу сөз болгон.
Раффаэле Чиулли Садыр Жапаровго бул кубоктун программасына эң жогорку жана эң престиждүү класстагы катер жарышы кирерин айтып берген. Ал жарыш — UIM F1H2O World Championship деп аталган катерлердин дүйнө чемпионаты. Андан тышкары аквабайк, мотосерф жана гидрофлайборд боюнча көрсөтмө жарыштар уюштурулат.
Жапаров менен Чиулли мындай кубокту өткөрүү Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын көрсөтүүгө жардам берерин белгилешкен. Ошондой эле бул иш-чара улуттук брендди эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө болот.