Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир айда жарым млрд долларга азайды

Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир айда 552 миллион долларга азайды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Январдын аягында резервдердин көлөмү 10 млрд 177,2 миллион долларды түзсө, февралдын этегинде 9,6 миллиард долларга чейин азайган.
Бул аралыкта дүйнөлүк рынокто алтындын баасы төмөндөп, Улуттук банк валюта рыногуна 272,5 миллион доллар саткан.
Алтын-валюта резервдери сомдун курсунун туруктуулугун камсыз кылууга жардам берет.
Былтыр Кыргызстанга 3,4 млрд. доллар которулган